Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картошка жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Анын айтымында, калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздайт.
"Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5 пайызды, картошка – 105,8 пайызды, сүт – 133,2 пайызды, эт – 61,6 пайызды, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү – 92,9 пайызды, мөмө-жемиш – 27,1 пайызды, үй канаттуулар жумурткасы – 78,8 пайызды, кумшекер – 86,8 пайызды түзөт", - деди ал.