Биз социалдык тармакта

Екатеринбургда 79 миллион рубль акча алып бара жаткан Кыргыз жараны аэропорттон кармалды

Екатеринбургдагы "Кольцово" аэропортунда 79 миллион рубль акча алып бара жаткан Кыргыз жараны жана орусиялык аял кармалды. Бул тууралуу Орусиянын "Знак" басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 27-июлда Кыргыз жараны жана анын шериги Бишкекке учуп бара жатышкан.

"Бажы көзөмөлүнөн өткөндө алардын жүгүнөн 79 миллион рубль табылган.

Биздин маалыматка караганда, бул адам Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин пенсионери. Ал жана анын шериги акчанын келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Бул боюнча салык органы тарабынан протокол түзүлүп, “Орусия Федерациясынын валюта мыйзамдарын бузуу” 15.25-беренеси боюнча административдик иш козголгон. Каражат өлкөнүн бюджетине түшөт", - деп жазган басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
OKEI
2020-07-29 21:41:36
Ит эле болуптур бул жагы
+7
Beshikjon.
2020-07-29 22:06:44
Ошончо миллиондорду кармап туруп,кантип түшүндүрүп бере албайт?Галдир
-3
Kudi
2020-07-29 22:12:05
Beshikjon.,атың ким мен Кудашмын
+2
Majit1975
2020-07-29 23:48:38
Декларациясы жок болсо керек да
+1
erlanspb
2020-07-30 10:36:24
Аздык кылат кантип тушундурмо бере албайт оздору деле билсе керек еле 10 мин долардан ашык откозбойт егер декларатця жок болсо еми орустардын казынасына тушот оздору билбесе елден или аерапортон жардам сурабайбы откозсо болобу деп
+2
Arstan18.18
2020-07-30 11:05:46
Ошондо КРда иштеп пенсионер болгон Адам экенби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан