Борбор шаардагы медицина кызматкерлери Кадамжай районунун жашоочуларынын 700 литрден ашык малина кыямын алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул кыямдар азыркы кырдаалда Бишкектеги "кызыл зонада", изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылды.
Буга чейин Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаарындагы медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям беришкен.