Биз социалдык тармакта

"Бишкекке дагы жөнөтүлөт". Кадамжай районунун жашоочулары Оштогу дарыгерлерге жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөттү

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, малинадан жасалган кыям азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат. Келген жардам саламаттыкты сактоо тармагынын Ош шаардык жана облустук координаторлоруна тапшырылды.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Кадамжай" жардам штабынын координаторлору Венера Узбекова менен Айтмат Азамжан уулун кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Айтмат Азамжан уулунун айтымында, малина кыямы Бишкек шаарындагы дарыгерлерге да жөнөтүлөт.

"Кыйын кырдаалда Кадамжай районунун жашоочулары да ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Бишкек жана Ош шаарында абал оор болуп, дарыгерлер бир топ түйшүк тартышууда. Бул абалды көрүп, район тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медицина кызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп болуп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет. Жарым тонна кыямды Оштогу дарыгерлерге алып келдик. Жакынкы күндөрдө Бишкек шаарындагы медицина кызматкерлерине жөнөтөбүз. Биз дарыгерлерди ар тараптуу колдогубуз келет”, - деди Айтмат Азамжан уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maxburat
2020-07-25 08:57:56
Козумо жаш келип ыйлагым келди. Азаматсыздар. Кыргыз болуп жаралганыма шугур. Элимдин кен пейилинен айланайын.
+25
bekhaliev
2020-07-25 09:35:44
Ушунусуна соз жок молодец, ким уюштурган болсо Аллах эхсанын кабыл кылсын,балдары менен жеп чын конулдон раазы болот
+20
milan-707
2020-07-25 10:47:17
Айтмат ука молодец Аллах разы Болсун иштерге ийгилик
+12
Arstan18.18
2020-07-25 15:38:08
Кандай боорукер иштемчил жердештерибиз бар! Козго жаш келет! Кадамжай элиме рахмат баарыныздарга Ден соолук бакубат жашоо тилейм! Уюштуруучулар сиздерге да рахмат. Баарыныздардан Аллахым ыраазы болсун ! Кырманыныздарга береке!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан