Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:

  • 2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим;

  • 2008-2010-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор;

  • 2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;

  • 2011-2016-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

  • 2016-2017-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

  • 2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

Эске салсак 10-июлда Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садриддин Мажитов каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан