Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садриддин Мажитов каза болду

Бүгүн, 10-июлда кечке жуук Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садриддин Мажитов каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садриддин Мажитов көптөн бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Анын сөөгү эртең, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүк-Зар айылында жерге берилет.

Маркум 1972-жылы 22-июнда Тажикстандын Яван районундагы Кыргызабад айылында туулган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Садриддин Мажитовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KalenAlmaz
2020-07-10 21:45:29
Жаннаттан оорун болсун амин.
+9
zhaku2017
2020-07-10 22:17:29
Оору деген молдосунбу же молдо эмессинби эч нерсеге карабайт. Динге берилип, динден умут кылсан деле ооруну жене албайсын.
-18
KalenAlmaz
2020-07-10 22:30:21
zhaku2017,Эми сен оз ден соолугуна кам коро бер орто жолдо динге тийишип негатив создорду жазып отпой.Ыйман берсин баарыбызга.
+12
Baku88
2020-07-11 06:50:42
zhaku2017, Туура айтасын бул оору ажыга баргандарга намаз окугандарга жукпайт деп да журушкон. Бейишин берсин кудайым жаткан жери жайлуу болсун.
-2
rola
2020-07-11 08:03:34
zhaku2017,Динге берилип,динден умут кылса,Аллахым бейишинен орун берет.Ниетти туздоп Аллага ибаадат кылгыла молдолорго асылбай!
+1
Jaka78
2020-07-10 22:56:12
ыйманы саламат болсун
+7
Usow
2020-07-11 07:03:23
Аллахым жайын жаннаттан кылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан