Биз социалдык тармакта

Кара-Суунун Тогуз-Булак айылында чыккан күйдүргү. Ветеринардык сервиске айып салынды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу аныкталганы маалымдалды. Мындан улам Кара-Суу районунун Беш-Мойнок ветеринардык сервисине айып тагылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Макканбай Даминов билдирди.

"Торпоктор Беш-Мойнок айылында багылган, ошол жактан алып келип сойгон кишиге да айып салынган. Себеби малдар эмделген эмес", - деди Даминов.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу менен шектелип ооруканада жаткан 8 адамдын ичинен бешөөнүн анализи таза чыкканын айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан