Биз социалдык тармакта

Кара-Суунун Тогуз-Булак айылында чыккан күйдүргү. Ооруканадагы бейтаптардын анализдеринин жыйынтыктары чыкты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу менен шектелип ооруканада жаткан 8 адамдын ичинен бешөөнүн анализдери таза чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

"Бизде ооруканада жаткан 8 адамдын ичинен 5 адамдын анализи таза чыкты. Калган үчөөнүкүн күтүп жатабыз. Тактап айтканда бейтапканада жаткан адамдардын алтоосу менин айылымдын тургундары болсо, экөө кошуна айылдын жашоочулары. Айылда абал тынч, тургундар дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат", - деди Мияшев.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылында жугуштуу күйдүргү оорусу аныкталганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан