Биз социалдык тармакта

Оштун күйдүргү оорусу чыккан айылында 25-августка чейин мал союлбайт жана той өткөрүлбөйт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу аныкталганы маалымдалган. Мындан улам Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында күйдүргү оорусу боюнча 25-августка чейин карантиндик режимге байланыштуу мал союлбайт жана той өткөрүлбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында эт жеген 288 кишиге оорунун алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө. Бардык оору чыгуу ыктымалы бар чордондордо залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу менен шектелип, ооруканада жаткан 8 адамдын ичинен бешөөнүн анализи таза чыкканын айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан