Күйдүргү оорусуна шектелип ооруканада жаткан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын тургундары бейтапканадан чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ооруканада жаткан адамдардын жетөөнүн анализдери таза чыкты. Ал эми бир адамдан күйдүргү оорусу аныкталган", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу менен шектелип, ооруканада жаткан 8 адамдын ичинен бешөөнүн анализи таза чыкканын айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирген болчу.