Поэтерапия: "Аз гана жолугуп жашоомдон жок болгон". Акын кыздын сүйүү саптары жана баяны

Акын Ырысгүл Изатова 1994-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Акындын 2020-жылы "Мономуза" китеби жарык көргөн. Анда анын сүйүү тууралуу жазылган чыгармаларына кезек берели.

ТҮЙШӨЛҮҮ

Терезеден тийип бетке күн нуру,

Таттуу уйкумдан жаңы гана ойгондум.

"Аткан таңды кандай тосуп алды?.." - деп,

Ачып көздү, дароо сизди ойлондум.



Болоор-болбос көйгөйлөргө түйшөлүп,

Билбейм, балким кабагыңыз чыгаар суз.

Бүтпөй калган ишиңизге шашылып,

Бүгүн дагы эрте турган чыгаарсыз...



Күчөп улам сагынычым сиз деген,

Көөдөнүмө жыйылууда толуп муң.

Койсо эгер тагдыр менин эркиме,

Келээр эле азыр сизге жолуккум.



Кездешүүнүн бир айласын таба албай,

Күн-түн дебей ичтен сызып, толгонуу.

Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,

"Жолугалы?" - деп койсоңуз болгону.


Жаш кезде көпчүлүгүбүз бир адамга ашык болуп, бассак-турсак аны ойлогон учурлар көп болсо керек. Ал тургай таңды кандай тосуп алды экен, жумушуна шашып баратса керек деген таттуу кыялдарга жетеленип, таң эрте туруп алып аны ойлоноорубуз бышык. Мерез жүрөк гана андайга туруштук бериши мүмкүн. Менин да учурунда жан дүйнөмө туура келген, ойлонткон, кусаланткан адамым болгон. Сүйлөшкөнүбүз менен жолукканга мүмкүнчүлүк болчу эмес. Тагдырды эркиме көндүрүп, өмүрдөн өтүп кеткиче жолуккум, ага бар сырымды айткым келген учурлар болчу, жада калса "жолугалы" деген сөздү күтчүмүн. Жолуктук, аз гана. Анан жашоомдо ошол бойдон жок болгон (күлүп). А бирок ырым калган.

КЕЧИРГИЛЕ УНУТКАНЧА

Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып,

Жүрөт ал сезимимди буюктуруп.

Баш тартпай койдум бирок, андан такыр,

Башканы сүйсө деле билип туруп.



Жадатты жан дүйнөмдүн кыйналганы,

Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.

Армандуу жазылганга айыптуудай,

Ыйлашат кагазымда ырлар дагы.



Түбү жок терең ойго тунуп канча,

Жашаймын, жашын төккөн булуттарча!

Оо ырлар, кечиргиле, кечиргиле,

Мен эми ал адамды унутканча.


"Кечиргиле унутканча" чыгармачылыктагы алгачкы кадамдарым, ким бирөөнүн көңүлүн бурдурган ырым десем болот. Ошол ырдан кийин көпчүлүк акындар тааный баштаган. "Кечиргиле унутканча" ырымды бук болуп отурганда жазгам. Жашырганда эмне ал сүйүү тууралуу. Мен жактырган адамдын башка ашыгы бар экени тууралуу маалыматым бар болчу. Ал тургай тааныш досторубуз алар тууралуу айтып да беришчү. Бир жолу жумуштан үйгө келсем эч ким жок экен. Негедир жалгыздыкта ыйлагым келди. Буга чейинки ырларымдын дээрлик бардыгы армандуу эле. Ал адамдын башка ашыгы бар экенин, мен эле эмес ырларымдын баары кайгылуу болгонунан бери өкүндүм. Ошол себептен "Армандуу жазылганга айыптуудай, ыйлашат кагазымда ырлар дагы..." деп жазгам. Балким мен бактылуу болсом ырларым шаңдуу болот беле деген ой кетти. Ойлоп көрсөм мен ал адамды унутмайын ырлар кайгылуу жарала берээрин билдим. Адамдан гана эмес ал үчүн ырдан да кечирим сурагым келди. Азыр да ырларым кечирсе экен дейм...

БАКЫТ МАГА

Угуп дайым суктанасың сырдаш жан,

“Кандай гана бактылуу!”- деп ыр жазган.

Башкалардай бакыт бербей а мага,

Берген тура багытымды ыр жактан.



Эсептебейм жазганымды бакыт деп,

Айтпа курбум, мындан башка ашык кеп.

Ыр жазылган барактарды берейин,

Айры, өрттө, же кааласаң чачып кет!.




Баркталбаган сүйүүсүнө мас болгон,

Көргөм далай каректерди жаш толгон.

Жазгандарын бийик көрүп жашоодо,

Бакка тунган акын кыздар аз болгон...



Ишенимсиз, татаал, тайкы жол баскан,

Издебеймин таалайымды жок жактан.

Бар түйшүгүн моюнга алып бир үйдүн,

Бакыт мага коломтого от жаккан.

Ыр жазып, эл алдында аны окуп же балким алып баруучу болуп айтор чыгармачылыкта жүрсөң эле көпчүлүгү "Бактылуусуң" дешет. Айрыкча бир досум "ыр окуп берчи, сен ичиңдеги нерсенин баарын ыр менен чыгарган кандай бактылуусуң" деп кайра-кайра суктанып, көп айтчу. А мага бейпилдик, колуңа көтөргөн наристең, таң эрте от жагып үй-бүлөмдүн жаркыраган кабагын көрүү ыр жазган бакыттан да эки эседей сезилет. Жазган ыр жан дүйнөнү жылытпайт. Болгону, учурунда бук чыгарыш үчүн гана керек. А андан өткөн, биз сезе албаган бакыттар көп. Кээ бир акын кыздар баш оту менен ыр жазууга кирип кеткен. Үй-бүлө күтсөм ырым токтоп калат деп ойлогондор көп. Бирок үй-бүлөнүн түйшүгүн колуңа алып, коломтого от жакканын да бакыт деп айткым келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulia90
2020-08-17 23:05:46
Азамат, ырлары сонун экен.
+8
Istina1000
2020-08-18 01:22:33
Ырлары жонокой создор мн мааниси терен жазылыптыр. Келечеги кен кыз корунот. Аллахым колдосун. Талантына таазим. Киитебине шилтеме берсениздер жакшы болмок, супер-админдер
+8
Aituwas
2020-08-18 09:58:25
Соонун, молодец
+2
samirabi
2020-08-18 12:03:36
Маанилуу,корком жазылыптыр.Сулуу да кыз экен,соссуз бактынды табасын!
+3
Targarien
2020-08-18 21:59:54
Жолугалы десем да унчукпаган же баш тарткан боюн которгон мыркаларга туш келип жатам. Акча менен кымбат машинанды жаркыратып келсен артындан чуркашат окшойт коп кыздар. Сендей мени суйуп баркыма жеткен суйуктуу жубайым боло турчу кыз кайда болдун экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан