Поэтерапия: "Жашап келем жашабас бул калаада, кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы "Алыстагы ак жарык", "Көз мончок" деген ыр жыйнактары менен окурман журтуна таанымал, белгилүү акын Нарсулуу Гургубаева.

Нарсулуу Гургубаева 1979-жылы туулган. Ош мамлекеттик университетин, Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Көп жылдан бери Орусиянын баш калаасы Москва шаарында жашап, эмгектенет.

* * *

Узак жолдо учу түбү карарган,
Каргыш тийгир кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны көп ичинен жан аргам.

Тааны дагы сурай көрбө атымды,
Аяай көрбө аарчылбаган жашымды.
Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага,
Аралды ырда жайын, кышын жашылдуу.

Сага чейин жашыл арал, деңизсиз,
Азы арзыды, көбү мени жеңишти.
Атым сурап, аарчыгандар көз жашым,
Кайра мага көз жаш болуп беришти.

Узак жолдо учу-түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде тааны, сен мени тап, жан аргам.

***

Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,
Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум.
Улуу дүйнө(м), мен сени ырдап бүттүм бейм...
Мен да сенин жүрөгүңдө жок ырмын.

Ырааты жок ыр, чыр дүйнө сырттагы,
Өмүр дагы батпай турат бөлмөмө...
...Сүйүү үчүн кырк чырагым бир жанып,
Сүйүү үчүн кырк бир жаным өлдү эле...

Шол сүйүүнү жашап өткөн мен белем?
Өйдө-төмөн өттү беле башыман?
...Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,
Өмүрдү эми кайда алпарып батырам?

Көзгө урунаар мага таандык нерсени,
Таппай жүрөк талыптыр да, карыптыр.
Меники эмес эрке Күндүн эртеңи,
Меники эмес асмандагы жарык нур.

Меники эмес бул көчөлөр, шаар дагы,
Меники эмес сырттагы чоң согуш да.
Шул согушту дагы өзүмө алданып,
Жеңем десем, Теңир мага болушпа!

Болушпа да, аяба да... Тийбегин!
Өчөөр болсом, ичим, сыртым бир өчсүн.
Калса калаар айтылбаган бир кебим,
Жашап бүтпөй, жарыгымды түгөттүм.

(Жанымды уруп, жалын болуп ак-кызыл,
Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар.
...Жандап өттү, жалмап кетти бактымды,
Өзүмө өзүм өгөй жылдар, өч жылдар...)

Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,
Өмүрдү мен отко, сууга бир салдым.
Киндигимди өзүм кескен сыңары,
Канатымды дагы өзүм кыркаармын...

...Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,
Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум.
Улуу дүйнөм, мен сени ырдап бүттүм бейм...
Мен да сенин жүрөгүңдө жоктурмун...

Кечиккен кат

(Элмирбек Иманалиевге)

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз...
...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?

(Жүдөттү го... Кай тарапты караба:
Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар.
Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,
Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар).

Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,
Жараласа, жаралады бир сени...
Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?
Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
...Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен өмүр кошуу кылымга?

Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,
Оңой бекен күйүп турган от болуу?
...Канча жолу карайлаган жолдордо,
Сенин ырың бүт өмүргө окшоду...

Доорду доорго, кылымдарды кылымга,
Туташтырган тунук, улук добушум.
...Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,
Айтылбаса - доордун деле жогу чын...

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?

(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы...
...Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?)

Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт го бул кылым.

Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албастыр бул кылым...

Нуриз Өмүрбаевага

Силер жакта жамгыр... Канттиң, саргалдак?
Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?
Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,
Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.

Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.
...Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...

Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.

Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?
Ким бакыттын өңүн даана айта алат?
...Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,
Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап...

Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,
Жаңырыкпыз аскаларга урунган.
...Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз,
Жолуң арбын артты карай бурулган...

Каалаганда чертип, серпип ойногон,
Дүйнө - сага шыңгырак гүл, шыңгырак.
Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,
Эми алдыга алдап-соолап жылдырат.

Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,
Күзгү кылып күндө үч маал карандың.
Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,
Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым...

Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,
Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.
Жакшылары көкөйүмө жеткирген,
Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм.

…Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…

Ошол үйдө жашабаган үчүнбү?
Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста.
Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,
Дүңгүрөгөн да бир өмүр карыздар.

* * *

Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашабас бул калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан