Журналист, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Айсулуу Көкөева 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айлында төрөлгөн. 2014-жылы Көкөеванын "Аялдын күндөлүгү" деген прозалар жыйнагы жарык көргөн. Сиздерге анын "Сүйөм сени! Аялыңа айтып бар!" деген ыры жөнүндө азыноолак маекти сунуштайбыз.
Сүйөм сени! Аялыңа айтып бар!
Ким сүйбөсүн дили таза адамды.
Менин сүйүүм сенден кайрат сурабайт,
Жалгыз калдым, кел мага деп жалынбайт.
Сүйүүм менин чексиз жана кайырсыз,
Күн нурундай, эсептешпейт сен менен.
Күнөө кылбайм, бир ыйлабайм, бир күйбөйм.
Жанган сүйүү өтүп кетет мен менен.
Сүйөм сени, аялыңа айтып бар!
- Бул ырыңыз качан, кантип жаралып калды?
- 1992-жылы жазылса керек. Жай айы болчу. Ал кезде Карпинская көчөсүндө батир ижаралап турчумун. Бир күнү катары менен 3 ыр жаздым эле. Ошолордун бири бул болду. Жаштыкта эмне кылганыңды, чыгармачылыкка кирип, жаңы жаза баштаганда эмне жазганыңды биле бербейсиң го. Анда адамдардын баары жакшы көрүнчү. Эс тутумум да начар эле да. Эдиреңдеп бактылуу жүрчүмүн. Анан ушул ырымды жазып калдым. Ошон үчүн жаш кезде жаза бериш керек экен. Бул ыр да өз жашоосу менен, мен да өз жашоом менен келатам.
- Мындай саптарды кимге арнап жаздыңыз эле?
- Кимге? Ошол мезгилде алдымдан жолуккан жакшы жигиттердин баарына жазгам да. Бирок бир туруп баланчага арнап жазгам дей беришим мүмкүн. Николай Гумилев да ыр жазып алып, сулуу замандаштарын бирден чакырып алып "сага ыр арнадым эле" деп, окуп бере берчү экен. Мен да эки-үч адамга айткам "сага жазгам" деп. Бирок чын эле алардын кайсы бир касиеттери мен ойлогон идеал адамга чогулуп берди да. Ошону үчүн өзүмдү алдадым деп эсептебейм.
- Бул ырыңызды жактырбаган адамдар болду беле?
- Адамдын ичине кирип болбойт эмеспи. Менин бетиме эч ким "жаман, уят" деп айткан эмес же айланамда адабиятты түшүнгөн адамдар болгондугу үчүнбү, билбейм. Университетте Андрей деген агайым бир күнү эле "Ыйманы жок ырларды жазасың, тур, окуп бер!" деп урушуп калды. Таң калып эле карап калдым. Анан бул ырды окуп бердим. Агай мени карап туруп "дагы бирди" деди. Дагы бирин келиштирип окудум. Эмне болсо ошо болсун дедим да төмөндөгү ырды окудум:
Жылдыздар жымыңдашат,
Жигиттер сөз ыргытат,
Мен жалгызмын.
Суу агат жээк менен,
Булуттар жамгыр менен,
Мен жалгызмын.
Шамалдар сапырышат
Чачымды сылабастан,
Оюн кылып.
Ким айтат, сүйө албайт деп?
Ким айтат күтө албайт деп?
Мага келсин!
- Анан?
- Анан агай "Азамат, отур, ырды ушинтип жазыш керек!" деди. Мен сүйүнүп эле калдым. Бул ырды иштеген жерлеримде 23-февралда да, 8-мартта да окутушат. Айрыкча Улуттук илимдер академиясында академик, окумуштууларга көп окудум го.
- "Сүйөм сени! Аялыңа айтып бар" деген ырыңызга байланыштуу кызыктуу окуялар болгондур?
- Бир күнү акын-жазуучулар чай ичип отурганда, мен Шайлообек Дүйшеев агайды карап алып ырымды баштап калдым. Ошондо агайдын колунан чынысы ыргып кете жаздаган. Бирөө "агай, эмне болду?" десе ал "эч нерсе, ыры ошондой экен" дегени эсимде. Ошондогу агайдын таң калган көздөрүн эстейм да. Дагы бир акын агай мени көргөн жерден "айтып бардым" деп калат. Кыраан-каткы жыгыла күлөбүз. Дагы бир философ агай да "мунусунда айта албадым" деп күлүп калат. Кээде ушул ырды окугандан жадайм. Проза деле жазам го деп калам. Азыр мени досторум, курбуларым "акын" деп айтышса, "жок, мен прозага кеткем. Эстебегиле, проза жазат дегиле" деп айтам. "Бывших – не бывает" дешет ынандырышып.
- Бул ырыңызды кыргыз менталитетине туура келбейт дегендер болбоду деңиз?
- Ырдын түзүлүшүн карасаң, башында карама-каршылык да ээ? Биринчи сабын уккан кишиге ушул кандайча болмок деген суроого келет. Андан кийинки саптарда адамдын жеке мыкты касиеттери даңкталып жатат. Сүйгөнүн дүйнөгө коё берүү. Ошол сүйүүнүн табына жалгыздап жылына билүү. Чыныгы сүйүү ошондой го. Чыгыштын сүйүүсү, күчтүүлүк демекмин. Баса, бул ыр социалдык тармакка жарыяланганда бир жигит кат жазат, көрсө ал казактын акыны Бауыржан Қарағызұлы экен. Ал жигит бири-бирибиздин ырларыбызды которушпайлыбы деп сунуштады. Ушул ырды котороюн дегенде макул болгом. Мыкты кылып которду. Анан баш сөзүнө "кыргыз кызы казак жигитти сүйүп калып" ушундай ыр жазыптыр дегендей жазган экен. Бүтүн казак боордоштор удургуп эле жатып калды!
Ал жигит кыргыз акындары менен байланышта экен да. Кийин аны менен жолуктук. Ал бир акынга "эгер ушул биринчи сап мага келсе, оо мен мунучу... мен тимеле чачырата, кемелине келтире жазмакмын", деп айткан экен. Ойлонуп калдым. Ошол кездеги тажрыйбам менен жаздым да. Көрсө бирине бир сап келет, экинчисине экинчи башка сап келет... Бул да бакыттай экен да. Көп акын, жазуучулар мыкты жазылган чыгармаларын "мен жазган эмесмин" деп калышканын угам. Табышмак ээ...