Маданият министрлиги актёр Бакыт Мукулдун кайрылуусуна жооп берди

Кечээ, 3-июлда куудул, режиссёр жана сценарист Бакыт Мукул Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүнүн акыбалы тууралуу айтып, маданият министрине кайрылган болчу. Анда кино үйүнүн абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан.

Буга жооп кылып Маданият министрлиги аталган маселе боюнча ушул жылдын апрель айында жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

"Бакыт Мукул, Темирбек Бирназаров, Бегалы Наргозуев, Дастан Рыскелди, Руслан Машрапов тарабынан ушул жылдын 24-апрелинде Маданият министрлигине келип түшкөн даттануулар, тиешелүү мыйзамдардын негизинде кароого алынып, министрликтин буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ ушул жылдын март-апрель айларындагы аудит материалдарына таянып, “Кыргызфильм” , Кинематография департаменти жана “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесинин ишинде каржылык мыйзам бузуулар белгилери бар экенин аныктаган. Бул фактылар боюнча учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат.
Ошону менен катар арыз ээлеринин айрымдары текшерүүчү топтун мүчөлөрү болгондуктан, объективдүүлүк жана бейтараптык маселеси да көтөрүлүүдө.
Азыркы тапта Ч.Айтматов атындагы кино үйүнүн имараты Курулуш министрлиги тарабынан экспертизалык иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми интернет желесине тараган видео тасмада негизги имаратка караштуу чарба курулмалары көрсөтүлгөн жана бул имараттар жакынкы аралыкта буздурулуп, архитекторлор үчүн заманбап кинозалдын, үн жаздыруучу жана дубляждык студияларды камтыган кинематографиялык борбордун долбооруна техникалык тапшырма даярдалып, сынак жарыяланаарын тастыктайбыз",- деп айтылат расмий билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан