Поэтерапия: "Сен турмушка чыгып кеттиң сүйүктүүм, бирок мага баягыдай бийиксиң"

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу – таланттуу жаш акын Болот Мамбетисаев. Ал 1996-жылы 5- апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн. 2014-жылы аталган айылдын Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебин бүтүргөн. Болот Мамбетисаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетин 2018-жылы аяктаган. 2019-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин география багыты боюнча магистратурага тапшырып, учурда ошол жакта окуйт. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын кичүүсү.

"Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөсү, 2020-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 7-апрель Элдик Революциянын 10 жылдыгына карата уюштурган сынакта баш байгеге ээ болгон.

Сагыныч

Аялдама, калды капам коштошуп,

Бара жатам сен тарапка жол тосуп.

А сен келип калсаң керек жасанып,

Кечээ күнү койгон жерге болжошуп.

Кезиккенде жамгыр баштайт дыбырап,

Аны коштоп сен баштайсың шыбырап.

Жамгыр биздин ортобузду бөлбө деп,

Тулку бойлор бир-бирине жыгылат.

Күнүм окшойт кусалыкты ураткан,

Кучактадым пайдаланып убактан.

Так эринден чуп эттире бир өптүм,

Коркпой туруп тиги дүйнө сурактан.

Негизи мен жазган ырлардын өтө узун деле тарыхы жок. Жашоодо кандайдыр бир окуя себепчи болуп, эргүү келсе эле жаза берем. Ал эми бул ырым 2018-жылдары жазылды. Чыныгы сүйүүнүн даамын татып баштаганда жазылган десем болот. Жакшы көргөн адамыңдан алыстагың келбей, сагынып жүргөн учурлар болот го, чын дилимен сүйүп-күйүп дегендей (күлүп), ошол кездерде жазылган.

Эх математик

Жер түбүндө жаркыраган кундузбу?

Көктө жанган жымыңдаган жылдызбы?

Түгөйү жок менде болгон бош жүрөк,

Жакшы көрдү математик бир кызды.

Татаалдайсың алгебра эсептей,

Тургандаймын эсебине мээ жетпей.

Кошуп, алып, бөлүп жана көбөйтүп,

Турсам деймин бөлүнүүчү бөлчөктөй.

Сен да так сан, мен да так сан чынында,

Өзгөрөт го формулалар жакында.

Такка такты кошуп туруп чыгарып,

Жуп болобуз келечекте буюрса!

Бул саптар университеттеги математика сабагынан берген жаш мугалимибизге арналып жазылган. Күнүгө көрүп, баарлашуудан улам ушундай керемет ыр жаралды десем болот. Кийин ушул ыр менен көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарга да ээ болдум. Мен үчүн ак жолтой ырларымдын бири.

Көз ирмем

Жылмайганы шаң берип маанайыма,

Бир кыз турат тигилип маңдайымда.

Көз караштан жактыруу пайда болуп,

Жүрөм ошол көз караш майданында.

Сиз тарапка ок аттым карек менен,

Сиз тараптан жооп келди дарек менен.

Каректериң сооп табып жан дилиме,

Учураштым унутулган барак менен.

Түгөнбөгөн эргүүнү бердиңизби?

Ошон үчүн капыстан келдиңизби?

Байкабастан башкага эргүү берип,

Бакыракай сулуу кыз кеттиңизби?

Бул ыр 1-курсумда жазылган. Окуудан чыкканда тайпалаш балдар болуп Филармония жакта бир аз отуруп анан кетчү элек. Ошондо бир кыз менен аябай тиктешип, көз кыйыгыбыз менен бири-бирибизди карашканбыз. Бирок өкүнүчтүүсү таанышпаган бойдон үйлөрүбүзгө кеткенбиз.

Бактылуу бол

Сен турмушка чыгып кеттиң сүйүктүүм,

Бирок мага баягыдай бийиксиң.

Айлаң жоктон унуткарып баарысын,

Багын ачкын, атаң тапкан жигиттин!

А мен сени айтып жүрөм "жакшы" деп,

Менден жакшы, менден мыкты "тапты" деп.

Күнөөлөбөйм бир болгону сен дагы,

Койсоң болду эстегенде бак тилеп.

"Бактылуу бол" деген сөзүм башкы кеп.

Бул ырдын жаралуу баянын айтпасам деле окурман өзү түшүнүп алса керек. Жашоодо ар кандай болот экен. Өкүнүчтөн, балким, күйүттөн жазылган ыр десем болот. Бирок азыр баары жакшы, убакыт дарылайт экен. Убагында көргөн кыйынчылыктарды кийин жылмайып эстейбиз го, балким, жашоодогу сыноолор дагы жакшы жакка болуп жаткандыр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurka_85
2020-08-26 15:23:14
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан