Биз социалдык тармакта

Бишкек жана Чүйдө муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

"Бул жардам Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан "Бир эл - бир жүрөк" кайрымдуулук долбоору алкагында берилип жатат. Ассамблея Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөткөн. Өз кезегинде министрлик берилген жардамды Бишкек шаары жана Чүй облусундагы муктаж үй-бүлөлөргө таратып берет. Буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу карантин учурунда жабыр тарткан 13 миң үй-бүлөгө азык-түлүк берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан