Кечээ, 26-августта Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке автоунаа тапшырды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамагенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Парханов GIZ'ге автоунаа үчүн ыраазычылык билдирди: "Автоунаа максаттуу гана колдонулуп, кызматкерлер үчүн жаштар арасында жана спорттук ири иш-чараларды өткөрүүдө жардамчы боло алат деп ишендиргим келет", - деген Парханов өз сөзүндө.