Дагы 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Баткен облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча 3 миң 116 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды.