Бишкектин Краснодонцев көчөсүндөгү оңдоо иштери жыйынтыкталып, унаа кыймылы үчүн жол ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, узундугу 1 чакырым жолдун асфальты толугу менен алмаштырылды.
"Аталган объектиде «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери иштеп, 15 бирдик жол-курулуш техникалары тартылды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган көчөнүн жолу 1984-жылдан бери оңдолгон эмес.