Биз социалдык тармакта

"COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн чыдамкайлыгы жана кесипкөйлүгү үчүн". "Даңк" медалы бериле тургандардын тизмеси

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн бир катар дарыгерлерди “Даңк” медалы менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Даңк" медалы менен сыйлана тургандардын тизмеси:

Жаманов Султан Ырысбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;

Исаев Сапарбек Уркасымович - Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун “Арал” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;

Мазаитов Замирбек Нарзиевич - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;

Ниязбеков Сүйүнбек Ниязбекович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;

Полотов Баатыр - Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;

Сиротина Ольга Геннадьевна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери;

Токторалиев Жоомарт Казакбаевич - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;

Торогелдиева Жылдызкан Калдаровна - Ош шаарынын медициналык "Тез жардам" станциясынын врачы;

Чарабаева Дамира Алтынбековна - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakyt2020
2020-08-27 13:45:04
Баары эле "Начальни-Начальникалар"го ,катардагы кызматкерлердин эмгеги эмне болот?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан