Биз социалдык тармакта

Чүй облусунда коронавирус жуктуруп алып ооруканада оор абалда 4 бейтап жатат

Чүй облусу боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканада оор абалда 4 бейтап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев онлайн брифингде билдирди.

"Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы Чүй облусу боюнча 3 миң 85 адамдан аныкталды. Бул илдеттен облус боюнча 48 адам каза болду. Ал эми пневмония оорусу 9 миң 996 адамдан аныкталды. Анын ичинен тилекке каршы 234 адам каза болду.

Облус боюнча бейтаптарды кабыл алуу үчүн жалпы 11 ооруканада 220 орун даярдалган. Учурда 77 бейтап дарыланууда. Ооор абалда 4 бейтабыбыз бар", - деди Аширбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан