Биз социалдык тармакта

COVID-19 менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн Ардак грамота ала тургандардын тизмеси

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн бир катар жарандарды "Ардак грамота" менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ардак грамота менен сыйлана тургандардын тизмеси:

Абдуманов Пулат Асанович

–

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун директору;

Абдыкадырова Алимахан

Зикирияевна

–

Ош облусунун Алай районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн медициналык айымы;

Абдылдаев Болотбек Джаныбекович

–

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун директорунун оперативдик иш боюнча орун басары;

Абыкеев Эсентур Түгөлбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын биринчи категориядагы телеоператор-монтажёру;

Азимова Айганыш Тентигеновна

–

Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун клиникалык ординатору;

Акматов Нургазы Иматиллаевич

–

Ош шаарынын мэриясынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Алиев Мусабай

Жумашович

–

Бишкек шаарынын №1 клиникалык ооруканасынын №1 хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгери;

Амирова Гулайим Туратовна

Ош облустук патологоанатомиялык бюросунун гистолог-лаборанты;

Асанов Жоомартбек Адыбекович

–

Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башкы адиси;

Асанов Улукбек Намазбекович

–

Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторунун башчысы;

Аширова Гулзат Алимжановна

–

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;

Баиева Канышай Кочкоровна

–

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;

Байбосунова Бактыгүл Акимкановна

–

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

Бакиров Жолдошбек Усеевич

–

Бишкек шаарынын Октябрь районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №19 үй-бүлөлүк медицина борборунун уролог-дарыгери;

Бакирова Мырзаим Жаныбековна

–

Бишкек шаарынын темир жол ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн кардиолог-дарыгери;

Балбаев Бекжан Таштанбекович

–

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Бейшекеев Алтынбек Алмамбетович

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун 3-ротасынын 2-взводунун кенже инспектору, милициянын прапорщиги;

Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун (Ош шаары) өзүнчө ротасынын (Жалал-Абад шаары) милиция кызматкери, милициянын старшинасы;

Бекбоев Данияр Тимурович

–

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин үчүнчү катчысы;

Бектуров Майрамбек Насыпбекович

–

Бишкек шаарынын “Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочусу;

Бектурова Нуржан Кумарбековна

–

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары;

Давлесов Нурбек Давлесович

–

С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун проктология курсу менен жүрөк-кан тамыр хирургия курсунун ассистенти;

Дубанбеков Аманбек Дубанбекович

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук аскер кызматынын №702 аскер бөлүгүнүн ыкчам багыттагы батальонунун 1-ротасынын 2-взводунун 2-бөлүмчөсүнүн командири, сержант;

Жолдошев Сапарбек Абдумуталипович

–

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын хирург-дарыгери;

Жолдошов Токтобек Жолдошович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №1 техникалык камсыздоо отрядынын техникалык бөлүгүнүн офицери, катардагы жоокер;

Жумабекова Нургул Жумабековна

–

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын баяндамачысы;

Ибраев Акылбек Омукеевич

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, полковник;

Иманкулов Жаныбек Калматович

–

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы;

Иметалиева Ырыс Жакшылыковна

–

“Медиахолдинг “Пирамида” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы продюсери;

Исаков Кумарбек Саалайович

–

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;

Исакова Ханипахон Юлдашбаевна

–

Ош облусунун Араван районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун улук медициналык айымы;

Исупов Роман Вячеславович

–

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин аспиранты;

Кадыралиев Канатбек Кайыпбекович

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 44549-аскер бөлүгүнүн командири, медицина кызматынын майору;

Калчакеев Элден Муратович

–

коронавирустук инфекцияны өз алдынча диагностикалоо боюнча 118-түз линиясын түзүү жана жөндөө боюнча консультанты;

Кармышакова Чолпон Амановна

–

“ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясынын директору;

Кебекбаева Нурайым Тууганбековна

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун вирусология жана сейрек кездешүүчү жугуштуу оорулар лабораториясынын башчысы;

Келдибаев Жеңишбек Бекмаматович

–

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун анестезия жана реаниматология бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматолог дарыгери;

Керималы кызы Майрамкан

–

Бишкек шаарынын №2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы дарыгери;

Керимбаева Айнагуль Тургунбековна

–

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий изилдөө институтунун кардиология бөлүмүнүн башчысы;

Култаева Айгул Нурмаматовна

–

Бишкек шаарынын Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун лаборант-дарыгери;

Курманкулов Арстанбек Шергазиевич

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 34594-аскер бөлүгүнүн командири, медицина кызматынын полковниги;

Максутова Бүсайра Абдикаримовна

–

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024-аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунун фельдшери, прапорщик;

Мамытов Абдрахман Нуркамилович

–

Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын хирург-дарыгери;

Маратов Аскат Маратович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук сержант;

Молдоматова Айчүрөк

Тагаевна

–

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун эпидемиолог-дарыгердин жардамчысы;

Насиров Эдуард Кашкаевич

–

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси;

Нишанов Жанарбек Бекташевич

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №20 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн командасынын начальниги, прапорщик;

Өзүбеков Жүзүр Жылкычиевич

–

Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

Пахридинова Гүлназ Максатжановна

–

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Рысалиев Жаныбек Бийбосунович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №23 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук сержант;

Стамбеков Султан Амангельдиевич

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун шишикке чейинки оорулар бөлүмүнүн онколог-дарыгери;

Сулайманкулов Жумамидин Канатбекович

–

“ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары;

Тойчиев Аскарали Туманбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Көк-Жар айылдык №104 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароолунун начальниги;

Тойчиева Хуршидахон Киргизовна

–

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;

Токтосунова Жылдыз Картаңбаевна

–

Талас облусунун Бакай-Ата районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары;

Трембач Анна Анатольевна

–

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын түштүк региону боюнча ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо борборунун тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Тютин Данил Александрович

–

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Уметалиева Джанылбубу Давлеткуловна

–

Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары;

Шаршембиева Каныкей

Аалыевна

–

“Бешинчи канал” жабык акционердик коомунун атайын кабарчысы;

Эраалыева Элнура Эраалыевна

–

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан