Биз социалдык тармакта

"Кыргызстан" партиясынын арызын кароо: Журналисттер сот залына киргизилди

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралат.

"Кыргызстан" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

Учурда сот залына журналисттер киргизилди. Ал эми отурум баштала элек.

"Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан