Ушул тапта "Кыргызстан" партиясынын лидери, мүчөлөрү Свердлов райондук сотунун имаратында. Алар БШКнын жумушчу тобунун чечимине нааразы арызынын сотто каралышын күтүшүүдө.
Аталган партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов документтер кечигип тапшырылган деген сөздү четке кагып, өз учурунда тапшырылган деди ал.
"БШК коомчулуктун, башка тараптардын басымы менен ушундай чечим кабыл алды. БШК башка партиялар кетирген мүчүлүштүктөрдү оңдоого мүмкүнчүлүк берип, бизге берген жок. Алдыда сот акыйкат чечим чыгарат деп үмүттөнүп турабыз", - деди ал.