Биз социалдык тармакта

Канатбек Исаев: "Бул ката үчүн эскертүү берсе болот болчу. Шайлоочуларыбыздын укугу бузулуп жатат"

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралууда.

"Бул ката үчүн эскертүү берсе болот болчу. Шайлоочуларыбыздын укугу бузулуп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнөм", - деди Канат Исаев.

"БШКнын журналында "Социал демократтар" партиясынын деле сааты оңдолгону көрүнүп турат. Бирок ага эч ким эч нерсе деген жок. 24-августта биздин партияны четтетүүнү каалаган партиянын өкүлдөрү БШКнын алдына барган. Ушулардын баарына көңүл буруп коюуңузду өтүнөбүз. Биздин конституциялык укугубузду коргоп берүүңүздөрдү суранабыз. Акыйкат чечим кабыл алат деп ишенебиз", - деди Талант Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rafo80
2020-08-27 16:24:52
Бул жерде шайлоочуларыңардын укугу бузулган жок, шайлоочуларыңарды жана мыйзамды сыйлабай кенебестик кылып өзүңөр документти кеч тапшырдыңар
+9
Batma.Sh
2020-08-27 17:19:47
Хм,шайлоочуларынын укуктарынбыыыы?
+2
Makain
2020-08-27 18:17:50
Жалдырап оозуңду ачпай эрте кыймылдабайсынбы. Азыр эрте тапшара албай жатасың документтеринди кийин элибизди жыргатпайсын сен
+2
Tasma2014
2020-08-27 18:31:13
Ойчул ойлонгуча Тобокелчил тоо тешиптир деген соз чын да озу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан