Биз социалдык тармакта

Түз эле авиакомпаниялардан авиабилеттерди сатып ала алышат. Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги мындан ары тизме түзбөйт

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги тизмелерди түзбөйт. Кыргыз жарандары түздөн-түз авиакомпаниялардан авиабилеттерди сатып ала алышат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Малыматка ылайык, КР ТИМ Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.

"Атап айтканда, Москва шаарында КРнын элчилиги, Санкт-Петербургдагы КРнын элчилигинин канцелериясы, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КРнын башкы консулдуктары Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүү үчүн чартердик каттамдарга жарандардын тизмелерин түзбөйт.

Ошентип 2020-жылдын 27-августунда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз мекенине кайтып келүүнү каалаган учурда элчиликке кайрылбастан, учакка билеттерди түздөн-түз кассалардан же "Авиатраффик", "Аэрофлот", "Сибирь", "Тез Жет" жана "Урал авиалиния" авиакомпаниялардын расмий сайттарынан онлайн ала алышат. Бүгүнкү күндө, аталган авиакомпаниялардын учактары Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан Бишкек жана Ош шаарларына каттап жатат", - деп билдиришти штабдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2020-08-27 18:33:27
Кыргызстандан бул Россияга кандай болот экен.
+1
Bekmamat
2020-08-27 19:06:15
Жакшы кабар.Посолстводо тизмеге кошомун деп он минден кырк минге чейин рубль алып жатышат эле. Аларга да кудай бардыр. Посольство кыргыздардан акча алганга эле керек озу. Жакшы болуптур бироонун козун карабай
+4
Crokus
2020-08-28 17:09:40
Bekmamat,туура мен да звонок кыосам 31 мин бер без справки,без списка кетесин деп айтышты
0
Kizilmush
2020-08-27 20:40:13
Билеттин баасына дагы көңүл буруп койушса. Мен бүгүн бузулуктан келдим. 35минге билет ала албай турган жарандарыбыз бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан