Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Күрөңкеев жана Краснодонцев көчөлөрүнүн кесилишине мыйзамсыз орнотулган күркө жана 20 тонналык контнейнер алынган. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, Турусбеков көчөсү, 35 дарегинде жайгашкан "Картошка" тез тамактануу жайы кожоюнунун өз ыктыяры менен алынып, 35 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Кулиев көчөсү, 17 дарегиндеги кафенин кошумча курулушу, профессор Зима жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тосмо алып салынды.