Ош шаарында пандемиядан улам ачылган убактылуу стационарлардын баары жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-август күнү 95 орундуу акыркы стационар ишин токтоткон.
Ош шаарында изоляция жана стационарлар болуп жалпы убактылуу 18 жай ачылган. Абал турукташкандыгына байланыштуу калаада ачылган 24 саат бою иштеген дарылоочу жайлардын баары жабылган.