Биз социалдык тармакта

"10 чактысы ортоңку манжасын көрсөтүштү". Элге ортоңку манжасын көрсөттү делген жигит окуя боюнча үн катты (видео)

Соттун алдында турган элге ортоңку манжасын көрсөттү делген адам окуя боюнча түшүндүрмө берди. Анын видеосу "Кыргызстан" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анда ал мындай кадамга эмоцияга алдырып жибергендиктен барганын айткан.

"Сот бүткөндөн кийин унаага түшүп кетип бара жатканбыз. Мен биздин тарапташтарга "лайк" бастым, ошондо сыртта 50гө жакын киши турган. Анын 10 чактысы мага ортоңку манжасын көрсөтүштү, мен аларга жооп кылдым, видеодогу мен болчумун", - деген ал.

Эске салсак, кечээ, 27-августта Бишкектин Административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралып, ага карата сот чечим чыгарган.

Процесс аяктагандан кийин социалдык тармактарга "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев оппоненттерине ортоңку манжасын көрсөтүп баратат" деген сүрөт тараган. Буга карата партия лидери SUPER.KG порталына унаадагы киши ал эмес экенин, калп маалымат тарап жатканын билдирген.

Соттун жанында элге ортоңку манжасын көрсөткөн жигит окуя боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KG-zigit
2020-08-28 19:27:32
Кыргызстандын тагдырын силерге окшогондор талкалап атат Акмактар!!!
+13
Saidochka
2020-08-30 22:37:19
KG-zigit,ушуга окшогондор бийликке келсе жыргатат беле десен
+1
Sema12
2020-08-28 19:30:27
Жугундуга тойгон кучуксунда ким соок ыргытса ошону карап уят эркек кишиге
+14
Aimani
2020-08-28 20:29:29
Канчага сатылдын? Окшоштуруп, жашыл футболка кийгизип сүйлөтүп коюшту да. Азыр эл эч кимге ишенбейт.
+9
Nur777
2020-08-28 20:35:21
Подставная утканы суйлотуп коюшуптур.
+11
modem4999
2020-08-28 20:47:33
Кыргызстан партиясы кордунорбу силерди эч ким шайлабайт, ишенбесенер «сотсеттерден»(озунор айткандай) окугугула элдин пикирин.
+11
Mustafo
2020-08-29 13:12:06
Ыйманыңы жеп касам айтпачы акыретте кантип жооп бересиң ШАКАЛ
+1
dobrajelatel
2020-08-29 14:08:54
Банкрот болушса экен. Эл колдобойт
+1
Kattaldym
2020-08-29 17:50:08
Эртең парламентке келе турган "элиталарыбыз..."
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан