Борбор калаада Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтынын "Илбирс" имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жыйынтыкталды. Жалпы шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган.
"31-августта аянтта медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы жана бир өрт өчүрүү унаасы болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылган", - деп айтылат маалыматта.