Турак жай алуу процедурасы жөнөкөйлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, компанияга азыркы тапта жеңилдик ипотекасын алуу үчүн арыз берген бюджеттик кызматкерлердин саны 5 миңден ашкан жана анын суммасы 8 миллиард сомду түзгөн. Бирок быйыл мамлекеттик ипотеканы каржылоого бюджеттен 500 миллион гана сом бөлүнгөн.
Алардын ичинен 700 адам арызын эки же андан көп жолу жазып жатат. Себеби мурда тапшырылган анкета бир жыл гана юридикалык күчкө ээ болуп келген. Андан соң жарандар кайрадан документ чогултуп, башынан жаңылап арыз жазчу. Мындан ары ал норма жоюлган.