Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 жана №3 түзөтүү абактарында тигүү цехи жана өтүк тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле №2 аялдар абагындагы наабайкана жаңыртылган. Учурда наабайкана күнүнө 1200, айына 36 миң нан бышырат. Мекеме өзүн өзү нан менен камсыздайт, андан тышкары продукция Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана кароол департаментине, Аба күчтөрүнөн коргонуу аскерлерине, ошондой эле №19 мекемеге сатылат.
№3 мекемеде бут кийим чыгаруучу жай ачылып, ал жерде 4 бут кийим тигүүчү жана 25 кийим тигүүчү машина орнотулган.