"Улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып жаткан Даниэль Ажиев экспертизанын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психикалык ооруканасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай токтомду райондук сот 20-август күнү чыгарган.
Айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында ал психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталган. Мындан улам иш сотко өткөн. Сот Ажиевди Кызыл-Жар психикалык ооруканасына жөнөтүү токтомун чыгарган.