Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди

Кечээ, 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматовдун ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Нурматов өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Анын күбөлүгү жараксыз деп табылды. Нурматовдун ордуна "Кыргызстан" партиясынан Улугбек Садиков депутат болду. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылды.

29-августтагы жыйында Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын депутаты Абылкайыр Узакбаевдин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтомун кабыл алды. Анын ордунда "Өнүгүү-Прогресс" саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2020-08-30 13:59:18
Биринин да атын тааныбайсын пайдасыздардын мына жаны келген экоосу бир айлык депутаттар только суротко тушсо керек жетимдер бир ай убактысы буткончо
+6
Tolkun555
2020-08-30 14:02:07
Abdizhapar,жууп буткончо жаны депутаттар келет.
+9
Belek1710
2020-08-30 15:38:24
Эмнени кыйратмак эле 1 айда, уялып атам бул жакта туруп шапкеми баса кийип
+6
Nursul
2020-08-30 19:19:12
Келсе эмне байакы эле жеп жутарлар келди да же ошолордун кошоматчылары
+2
kushu_bek
2020-08-31 00:45:43
Бокбасарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан