Бүгүн, 30-августта борбор калаанын түштүк чыгыш тарабындагы "Адинай" жаңы сейил багында "Ден соолук" веложарышы башталды. Иш-чарага катышуу үчүн 300гө жакын велосипедчендер сейил бакка чогулушту.
Шаардын мэри Азиз Суракматов жарыштын катышуучуларын жана бишкектиктерди эгемендик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле ал коронавирустан улам киргизилген карантиндик чектөөлөр учурунда түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн тургундарга ыраазычылык билдирди.
"Адинай" сейил багынан башталган веложарыш Айтматов кең көчөсү менен тоону көздөй Орто-Сай айылына чейин барат. Андан кийин Байтик баатыр көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө чейин төмөн түшүп, кайра сейил бакта жыйынтыкталат. Жарыштын жалпы узундугу 10 чакырымды түзөт.