Жаңы окуу жылынын башталышында Чүй облусундагы коомдук транспорттор балдарды бекер ташыйт. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облуста 1-сентябрдан тарта 1-класска барган окуучулар мектепке барып билим алышат.
Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн "Көңүл бургула, балдар!" аттуу иш-чара уюштурулат. Анын алкагында 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт. Айдоочулар унаага окуучуларды, башка жүргүнчүлөрдү да аралыкты сактоо менен отургузуу керек.