Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. 31-августка карата аба ырайы

Кыргыз Республикасынын аймактарына 31-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

31-августка карата аба ырайы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-августта күндүз жана 1-сентябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бишкек шаарында 31-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 31-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Нарын облусунда 31-августта жана 1-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан