
Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду. Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленет.
Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.
Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.
Салтанат түнкү саат 10:00 салют менен жыйынтыктала турганын шаар мэриясы кабарлады.