Биз социалдык тармакта

"Гүлдөй бер, Кыргыз өлкөсү!". Эгемендүүлүк күнүндөгү элдин маанайы

Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгына 29 жыл толду. Бул датага карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара уюштурулду. Пандемия шартына байланыштуу ал жакка жарандар киргизилген жок. Иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, кыргыз элин майрамы менен куттуктады. Ошондой эле өнөр адамдарынын катышуусунда атайын уюштурулган оюн-зоок программа, салтанат өттү.

Албетте, быйылкы Эгемендүүлүк күнүн жылдагыдай шаан-шөкөт менен тосууга мүмкүн болгон жок. Буга себеп коронавируска байланыштуу көчөдө майрамдык шоу-концерт, оюн-зооктор, массалык сейилдөөлөр токтотулган. Ошентсе да айрым жарандарыбыз майрамдык маанай жараталы, алыстан болсо дагы Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган салтанатка күбө бололу деп борбордук аянтка келишкен. SUPER.KG порталы Эгемендүүлүк күнүндө жарандардын маанайын байкап көрдү.

Мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен ак калпак аталардан баштап, бал тилдүү бөбөктөргө чейин куттукташты.

31-август. Кыргыз өлкөсү 29-Эгемендүүлүк күнүн белгиледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-08-31 16:49:32
Эгемен деген сөздүн өзү эле кандай жакшы угулат кулака, бул нерсеге жетпей канчалаган элдер жүрөт өгөй баладай болушуп! Майрамыңар менен Кыргызстандыктар! Ар -бир үйдө балдардын күлкүсү, ойногон үнү угулуп турсун, тынчтык, бакубат жашоо болсун. Баардык балее апааттардан Аллахым өзү сактасын, чек -араларыбыз өзүнөн өзү чоңоюуп, чиновниктерге ынсап берсин, дүйнөнүн эң алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошулуп кетели!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан