31-августта Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгына 29 жыл толду. Бул датага карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кечки саат 22:00дө майрамдык салют атылды. Бул салтанаттуу салютту көргөнү борбор калаанын тургундары жана меймандар чогулушту. Эгемендик эмне экендигин али биле элек кичинекей бөбөктөрдөн баштап, эгемен өлкөнүн түптөлүшүн көз алдынан, көкүрөгүнөн өткөргөн апа, аталар дагы келгенин көрүүгө болот.
Саат жебеси 22:00 болор замат аянтта салтанаттуу салют, комуз күүсүнүн коштоосунда атылды. Борбор калаанын тургундары кол чаап, коштоп турду. Салюттар атылып бүткөн соң, эл ар тарапка тарай баштады. Андан соң аянт тазаланып, жолдорго суу себилди.












