Биз социалдык тармакта

Аламүдүн районунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында Кичи Чүй каналынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул тууралуу маалымат 102 кызматына келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, болжол менен 60-65 жаш курактагы кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда жансыз дененин аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан