Чүйдүн Аламүдүн районунда 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришүүдө.
Учурда кыздын жансыз денеси 15 күндөн бери изделип табылбай жатат. Кечээ, 31-август күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдан жалпы 21 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 1-сентябрь күнү дагы улантылат.