
Эртең, 2-сентябрда "Арча-Бешик" жаңы конушунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү, ошондой эле суу түтүктөрүнүн жана өрт гидранттарынын тетиктерин алмаштырууга байланыштуу, 2-сентябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин "Арча-Бешик" жаңы конушунда суу берүү токтотулат.
"Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.