Биз социалдык тармакта

Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды

Кечээ, 31-август Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бул жылы пандемияга байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Ошого карабастан, шаар тургундары майрамдык салют көргөнү келишти.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, майрам учурунда бир да бала жоголгон жок жана башка укук бузуулар катталган жок.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң аткандан түнгө чейин иштеп, жыйынтыгында "Ала-Тоо" борбордук аянтынан эки тонна таштанды чыгарышты. Таштанды чыгарууга "Тазалыктын" 24 кызматкери жана үч бирдик атайын техника тартылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kulatov
2020-09-01 18:30:11
Эч ким аянтка барбаса каяктан 2 тонна таштады чыкты?
0
Shef87
2020-09-02 00:27:20
Бизде менталитет кандай экенин көргөзүп турбай жапондордон үйрөнүш керек тазалыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан