Биз социалдык тармакта

Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу каралууда (видео)

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши каралат. Процесс саат 16:00гө белгиленген. Азыркы тапта мекеменин алдына бир топ киши чогулган.

Эске салсак, 24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан.
Ал эми 27-августта Бишкектин административдик сотунун чечими мурда кабыл алынып, БШКнын чечимин жокко чыгарылган. Буга карата БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2020-09-01 16:15:09
Кыргызстан партиясы отпосо экен шайлоого кереги жок пайдасы жок тантыктырдын!
+2
Бектурган
2020-09-01 17:47:49
TalaCSKA, Кырыгызстан партиясы өтпөй калса эле өлкөбүз тиммеле өнүгүп, жыргап жатып калабызбы? Калган партиялардын Кыргызстан партиясынан кандай айырмалары бар? Баары бир гөр, баарын чогултсаң жөнөкөй бир аш бычака сап болушпайт, ошон үчүн тим койгула бири өлүп бири калсын бул жалганчылар...
0
anash
2020-09-01 16:32:42
Фудболканы кийип алып олгон экенсинер эми эле акчага сатылып уят уят наалат
+5
Kyrgyz_bloger
2020-09-01 17:54:14
Качан маданияттуу болобуз сот болуп жатса,кочого топтолгон туура эмес да,топтолуп алып кыйкырса эле сот башкача чечим чыгарып коебу,сотко давления болот,уйундо эле жатып чечимди угуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан