Биз социалдык тармакта

Желектер желбиреп, адамдар унаанын үстүнө чыгышып. Жогорку Соттун алдындагы партиялар тартышынан сүрөттөр

Бүгүн, 1-сентябрда саат 16:00дө Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышар-катышпастыгы боюнча иш каралып баштаган. 2 саат 30 мүнөттөн бери отурум аяктай элек. Анткен менен имараттын алдына саат 14:00дөн баштап эле эл топтолгон. Алар "Кыргызстан" партиясынын шайлоого барышына каршы болгон оппоненттери, "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү жана колдоочулары. Мындан тышкары арасында активисттер бар. Бүгүн мында келгендердин көбү кенебей эле унаалардын үстүнө чыгып алып сүйлөгөндүктөрү көпчүлүктүн көңүлүн буруп турган чак.

Ал эми желектерди унаанын терезелеринен желбиреткен бул көрүнүш "Кыргызстан" партиясы кайсы бир майрамды белгилеп жаткандай элести берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан