Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Шаардагы эки жаңы конуш таштанды үчүн акча төлөбөй жатышат"

Бишкек шаарындагы Рухий Мурас жана Алтын-Ордо жаңы конуштары таштанды үчүн акча төлөбөй жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"1-сентябрга карата карыздын жалпы суммасы 958 миң 945 сомго жетти. Анын ичинен Рухий Мурас конушунуку 399 миң 660 сом, Алтын-Ордо конушунуку 559 миң 285 сом болду.

2017-жылдан бери эсептерин төлөбөгөн тургундар бар. Бир жеке эсеп боюнча эң чоң карыз 8 миң 230 сомду түзөт. Тургундар таштанды үчүн акча төлөбөйт, бирок аптанын аягында таштандыларды көчөгө алып чыгышып, нааразы болушат", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-09-01 20:42:40
Төлөш керекта кызматын кылып жаткандан соң, мындай нерсе Аллага дагы жакпайт! 8 000 болуп кеткиче жүрө бергендерин! Мамлекеттен жеген, налог төлөбөгөн адамдын сурагы күчтүү болот 2 дүйнө!
+3
States
2020-09-03 18:22:07
Негизи начар эле калкпыз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан