Өлкөнүн Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүрбөгөнүн расмий түрдө билдирди.
Социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып, алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышат деген билдирүүлөр пайда болгон. Буга байланыштуу Улуттук статистикалык комитет эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдалганын, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын билдирет.
Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же Улутстаткомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылса болот.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө калкты каттоо 2020-жылдын март айына белгиленгени жана ал мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөрү маалымдалган.