Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринен коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медицина кызматкерлери 3 миң 136ны түзүп, алардын ичинен 2 миң 483ү айыгып чыккан.