Президент Сооронбай Жээнбеков Вьетнамдын президенти Нгуен Фу Чонгду жана вьетнам элин Вьетнамдын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделип, эки элдин кызыкчылыгы үчүн өнүгө берет деп терең ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиӊизге ийгиликтерди, ал эми вьетнам элине тынчтык жана өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.